БШК мандатын чакыртып алган Фархад Исмаилов да ЖК жыйынына келди

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары кезектеги сессияны ачышты.

Сессиянын ачылышына БШК мандатын чакыртып алган Фархад Исмаилов да келди. Ал журналисттерге Жогорку Кеңешке келген себебин айтуудан баш тартканын serep.kg басылмасы жазды.

Ушул жылдын, 6-июлунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы депутат Фархат Исмаиловдун мандатын чакыртып алган.

Мындай чечим Билим берүү министрлигинен депутаттын жасалма диплому тууралуу маалыматынын негизинде кабыл алынган.

Министрдин биринчи орун басары Уланбек Усековдун айтымында, Исмаилов КУУга кабыл алынган эмес.

1 Сентябрь 2023 жыл 12:10

Тема боюнча