Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында Токмокко жакын жерде болгон автокырсыктан каза тапкандар 10 кишиге жетти. Бул тууралуу Чүй облусунун саламаттыкты сактоо координатору Алмаз Назарбеков айтты.
Анын айтымында кырсыктан жаракат алган дагы беш адам Токмок шаарындагы ооруканада, бирөө Бишкек шаарында жана дагы бир киши Кантта ооруканада жатат.
Кечээ, 1-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда Subaru Outback, Mercedes-Benz, Toyota Camry, Toyota Voxy жана Mercedes-Benz Sprinter — жалпы беш автоунаа катышкан жол кырсыгы болгон. Башта андан жети киши мүрт кеткени айтылган.
Буга чейи нЖол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кырсыкка катуу бараткан Subaru Outback машинасынын дөңгөлөгү жарылып кеткени себеп болгонун билдирген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал батыштан чыгышты көздөй бара жатып алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып автоунаа каршы тилкеге чыгып, Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын сүзгөн.