Үчөөнү бирдей өлтүргөн Ашыралиев өмүр бою эркинен ажыратылды

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевге өкүм чыкты.

Сот Надырбек Токтосунов Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраттты. Ошондой эле соттун өкүмү менен анын мүлкү конфискациялоого жатат.

Андан тышкары сот Ашыралиевди жабырлануучу тарапка 671 миң сом материалдык чыгым жана 3 млн сом моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирди.

3 Ноябрь 2023 жыл 17:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча