Чач узартуу боюнча курска нааразы болгон кардар акчасын кайтарып алды

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгы чач узартуу боюнча курска нааразы болгон кардарга акчасын кайтарып алууга жардам берди. Бул тууралуу Монополияга каршы агенттик билдирди.

Арыз жазган кыздын айтымында, ал чач узартуу боюнча курска акча төлөп, жазылган. Келишим боюнча бир айда 12 сабак өтүлмөк. Бирок курсту үйрөткөн адис болгону 3 гана сабак окуткан. Анын айынан ал жөндүү эч нерсе үйрөнө албай калган. Мындан улам ал курс уюштурган салонго доомат айтып, акчасын кайтарып алууну каалаган. Бирок андан майнап чыккан эмес. Салондогулар ага акчасын кайтарбайбыз деп койгон. Соңунда кыз Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча башкармалыкка кайрылууга аргасыз болгон.

Аталган башкармалык кайрылуунун негизинде иш алып барып, кызга 35 миң сому кайтарылып берилген.

17 Май 2024 жыл 9:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча