«Жөн эле кетким келди». Дагы бир депутат мандатын тапшырат

Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырат. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганын Reporter.kg’ жазды

Анын айтымында, парламенттен кетүүгө негиздүү себеп деле жок.

«Жөн эле кетким келди, арыз жаздым», — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы парламентте көпчүлүктү түзөт. Алардын 20 мандаты бар.

14 Февраль 2024 жыл 15:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча