Жогорку Кеңештин депутаты Бекмырза Эргешов 10 бала төрөгөн энелерге үй берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Ал жакында эле айылдарды кыдырып, эл менен жолукканын, алар көп бала төрөгөн аялдарга «сүйүнчү» төлөөнү колдоп жатканын сөз кылды. Ошондой эле депутат эл 10 бала төрөгөн аялдарга үй берүүнү суранып жатканын айтты.
«Ушул сунушту карап көрсөңүздөр», — деди депутат.
Эскерте кетсек, буга чейин Ташиев деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан айылдарда, шаарларда жашап, 4 бала төрөгөн аялдарга 100 миң сом, бешинчиге 600 миң сом, жетинчиге 1 млн сом, 8-9 бала төрөгөндөргө 1,5 млн сом, 10 жана андан ашык баланы жарык дүйнөгө алып келген энелерге 2 млн сом төлөө пландалып жатканын билдирген. Ташиев 6 бала төрөгөндөргө канча акча төлөнө турганын айткан эмес.