Депутат 12жылдык окуунун кереги жоктугун айтты

ЖК депутаты Дастан Бекешев парламент жыйынында окуучулардын ата-энелеринен бир топ кайрылуулар келип жатканын айтып, министрликтен маалымат угууну сунуштады.

Депутат өз сөзүндө 12 жылдык билим берүү системасына өтүү маселеси тууралуу кеп кылып, «мектепте билим берүүнү 12 жылга созбой, тескерисинче, кыскартуу керек», — деди.

5 Февраль 2025 жыл 13:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча