Депутат ККМ бирөөнүн бизнеси экенин айтты

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар  Ички иштер министрлигинин видео регистратору жок унааларды 2025-жылдан тарта каттоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбооруна каршы чыкты.

Депутат Бактыбек Сыдыков демилгени бирөөнүн бизнесинин кызыкчылыгын көздөө катары баалады.

«Өзүбүздүн милддеттерди аткара албай дагы эле элге жүктөп жатабыз. Мына «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы ишке кирбей жатат. Дагы бирөө бизнес ачып, видео регистратор киргизилип жатат. ККМ дагы бирөөнүн бизнеси болчу. Азыр мына эмне болуп жатат. Бул аракеттерибиз менен өйдөдөгү адамдарга бут тосуп жатабыз. Эл дагы чырылдап чыгат», — деди ал.

12 Март 2024 жыл 14:42

Тема боюнча