Депутат: «Манас» ким десе, коньяк деп билет. Бул улутту, мамлекетти шылдыңдоо болуп эсептелет…»

Депутат Тазабек Икрамов «Манас» эпосу жана ага болгон айрым мамлекеттик мекемелердин кайдыгерлиги, мыйзамды көзгө илбеген ишкерлер жөнүндө маселе көтөрдү.

«Манас» театры ачылып, окуучулар Манастап ураан чакырып, улуттук идеологияга көңүл бурулуп жатканда, Манастын коньяк катары чет жерге таанылып жатканы өкүнүчтүү. Алар Манас ким десе, коньяк деп билет. Бул улутту, мамлекетти шылдыңдоо болуп эсептелет», — деди депутат.

15 Май 2024 жыл 14:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча