Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева Саламаттык сактоо министринин ишине нааразы пикирин айтты.
«Жылдан жылга социалдык тармакка акча көп бөлүнүп жатат. Бирок, бизде оорунун саны өсүп жатат, аймактарда турмуш жеңилдеп кеткен жок да. Анан биз «кана реформа» дейбиз да. А бизге министри келип мактанат «мен элдик дарыкана ачтым», дары ташыдам деп. Оорунун алдын алуу менен иштеш керек», — дейт депутат.