Депутаттар Ош шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Бүгүн, 14-ноябрдагы жыйында Ош шаардык кеңешинин депутаттары Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

Жалпы шаардык кеңеште 45 депутат бар. Анын 42си добуш берүүгө катышты. Ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү 38 депутат колдоп, үчөө каршы болду.

Буга чейин, жыйында Ош шаардык кенешинин депутаттары Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү чечишти. Бул тууралуу мэриядан билдиришкен.

«Мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттары токтомдор аткарылган жок деген негизди карманып жатышат. Ош мэриясы шаардык кеңештин токтомдорун 95 пайыз аткаргандыгын Ош мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди. Себептерин түшүндүрүү боюнча мэрдин орун басары Замир Юсупов сөз сураганда берилген жок», — деп айтылат маалыматта.

14 Ноябрь 2023 жыл 12:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча