Депутаттар жаназага кетишти. Жыйын жылдырылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны саат 10дон саат 2ге жылдырылды. Бул боюнча парламенттен билдиришти.

Ага вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин атасынын жаназасы себеп болгону кабарланды.

Эл өкүлдөрү Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында өтө турган тажыяга катышат.

Белгилей кетсек, эртеңки Жогорку Кеңештин жыйыны 9-майга карата өтпөйт. Төрага Нурланбек Шакиев Жеңиш аянтында өтө турган майрамдык иш чарага катышат.

8 Май 2024 жыл 13:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча