WBA боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Бишкекте бокс клубун ачты. Анын ачылышы кечээ 16-июнда жергиликтүү спорт чеберлери жана шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Андан сырткары, Бишкек шаарын мэри Айбек Жунушалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дагы катышкан.
Дмитрий Биволдун Артур Бетербиев менен жайга пландалып, кийинкиге жылдырылган, көпчүлүк күткөн беттеши октябрь айында өтүшү мүмкүн.