Дональд Трамп кызматына киришери менен жарлыктарды чыгаруу боюнча алдыда

АКШнын президенти Дональд Трамп кызматына киришери менен жарлыктарды чыгаруу боюнча рекорд койду.

Аxios порталы маалымдагандай, Трамп тогуз күн ичинде 38 жарлыкка кол койгон.

АКШ президенттеринин бирөөсү дагы мындай кыска мөөнөттө документтерди чыгарган эмес. Буга чейин президенттик мөөнөтүнүн 100 күнүндө 40тан ашуун жарлыкка Гарри Трумэн менен Жо Байден кол койгон.

Мындан улам АКШнын азыркы президенти бул көрсөткүчтү артта калтырды.

30 Январь 2025 жыл 10:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча