Эл өкүлдөрү Шакиев менен Примов Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунушташты

Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов.

Документте айтылгандай, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.

Кыргызстандын туусундагы күндүн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн авторлор – бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгышкан, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, чиймелерди чийип, коштоочу иштерди жасаган инсандар тартылышкан.

28 Сентябрь 2023 жыл 13:32

Тема боюнча