Эрназар Акматалиев UWW уюму 2023-жылдын дүйнөлүк рейтингинде 2-орунду ээледи

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев UWW уюму 2023-жылдын дүйнөлүк рейтингинде 2-орунду ээледи.

Эркин күрөш боюнча 70 килограммга чейинки категориядагы рейтингде кыргызстандык балбан 51 миң 200 упай топтогон.

Акыркы рейтинг Дүйнөлүк чемпионаттардагы, Континенталдык чемпионаттардагы, Азия жана Панамерикалык оюндардагы, ошондой эле төрт UWW рейтингдик турнириндеги көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлдү.

2023-жылы Акматалиев Египетте өткөн рейтингдик турнирде жеңишке жетип, Бишкектеги рейтингдик турнирде да коло байгеге ээ болгон. Сербияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 5-орунду алган.

28 Декабрь 2023 жыл 20:41

Тема боюнча