Кызыл-Кыядагы мечитке наристени таштап кетишкен

Бүгүн, 3-январда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Аль-Гуфран” атындагы мечитте молдо наристе таап алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, молдо таң эрте азан чакыруу үчүн мечитке барганда ак шейшепке оролгон эркек жыныстуу жаш бала табылган.

Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган. Наристенин абалы туруктуу.

3 Январь 2025 жыл 13:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча