Фейерверктерди ташып бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда жарылуучу пиротехникалык каражаттарды ташыган  HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен фейерверктер жарылып, ири өрт чыккан. Мындан улам саат 21:40та жана 22:04тө Балыкчы шаарынан өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт 23:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Тилекке каршы тилсиз жоонун кесепетинен жүк ташуучу унаадагы бир адам каза болгон.

29 Ноябрь 2023 жыл 8:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча