Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын милиционери Султан Жумабек уулу Соң-Көлдү сүзүп өтүүнү көздөп жатканын ИИМден кабарлашты.
Август айында ал милициянын 100 жылдыгына карата Соң-Көлдү сүзүп өтүп, Гиннестин рекорддор китебине арыз тапшырат.
Султан Жумабек уулу 2022-жылы Ысык-Көлдү 25 чакырым аралыкта сүзүп өтүп, Кыргызстанда биринчи болуп ультратриатлон аралыкты 13 чакырымга сүзүү, 340 чакырым гавеложарыш, 52 чакырымга чуркоо боюнча жеңишке жеткен.
Соң-Көл көлү Кыргызстандын түштүк-чыгышында Нарын облусунда жайгашкан. Ал өзүнүн тунук суулары жана кооз тоо пейзажы менен белгилүү.