
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун жакындары ишкерди үй камагына чыгарууну суранып президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу кылышты.
16-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынына ишкердин апасы Саибжамал Абдукаимова, иниси Сүйүнбек Ташов жана дагы бир тууганы Кумарбек Жоробаев катышты.
“Балам 11 күндөн бери тамак жебей атат. Арызданып кайсы жерге барсак да биздин сөздү эч ким укпайт. Эл шайлаган депутаттар, прокуратура, соттор бар эле. Алар да кулактары укпай, көздөрү көрбөй отурушат. Соттордон баламды үй камагына чыгарып, калыс чечим кылуусун сурайм”, — деди Саибжамал Абдукаимова.
Имамидин Ташов 6-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирген.
Имамидин Ташов 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук жараян аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен моюнун бир нече жолу тилип жиберип, эсин жоготкон.
Ооруканага көрсөтүлүп, кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Мунун алдында судья Чыңгызбек Бердимуратов аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган.