Иманалиев мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат салынаарын айтты

Кыргызстанда мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат салынат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августиа Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди. Министрдин мугалимдердин август конференциясында айтканына караганда, 25-августта бул боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма берген.

Иманалиев 700 мугалимге арзандатылган баада ипотекалык насыя түрүндө үй курула турганын, долбоордун жер маселеси чечилгенин билдирди. Бирок, бул турак жай кайсы жакка салынарын жана шарттарын тактаган жок.

Президент Садыр Жапаров былтыр мамлекет мындан ары мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак жай менен камсыздоого дыкат көңүл бура турганын айткан. Ал бул багытта жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалаган.

Кыргызстанда мектептерде билим берген мугалимдердин саны 82 миңдин тегерегинде.

29 Август 2023 жыл 14:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча