Индияда маймылдар 10 жашар баланын ичегисин үзүп салышты

Индиянын Салки айылында 10 жаштагы баланы маймылдардын тобу тытып салган. Баланы сактап калууга мүмкүн болгон жок. Бул тууралуу Daily Star басылмасына таянуу менен СЕРЕП МЕДИАСЫ жазды.

Кабарларга караганда, 10 жаштагы Дипак Такор достору менен сыртта ойноп жүргөндө, ага маймылдардын тобу кол салган. Маймылдар баланы ушунчалык тытып салгандыктан, аны сактап калууга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон эмес.

«Аны ооруканага алып келгенде, өлүмдү каттадык. Баланын ичегилери үзүлүп кеткен», — дешкен жергиликтүү оорукананын дарыгерлери.

17 Ноябрь 2023 жыл 12:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча