Ипотекалык үйлөрдөгү үч бөлмөлүү батирлер кимдерге берилет?

Жарандын кезеги келгенде батирлер анын үй бүлөсүнүн курамын аны менен жашаган балдардын жана башка мүчөлөрүнүн санын эске алуу менен бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу 24-декабрь 2024-жылы «Мамлекеттик Ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Джембаев радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, беш жана андан көп балалуу үй бүлөлөргө үч бөлмөлүү батир берилет.

Андан кийин, батирлер төрт, үч балалуу үй бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Батир кайсы кабатта болорун аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүлөрүн айтты.

«Баары ачык жана — айкын, видео менен коштолот», — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Джеембаевдин айтымында, жарандардын социалдык категориялары бар, майып үй бүлө мүчөлөрүнө төмөнкү кабаттардан батирлер берилет. Мындай батирлердин канча бөлмө болушу, үй бүлө мүчөлөрүнүн санын эске алуу менен бөлүштүрүлөт.

Төраганын орун басары чүчүкулак алдын ала сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, коррупция менен күрөшүүгө багытталганын белгиледи.

«Мен күн тийген тараптан батир алгым келет» же «мен орто кабатта жашагым келет» деп айтууга болбойт.

Анын айтымында чүчүкулакта кандай батир туш келсе, ошону алат.

27 Декабрь 2024 жыл 10:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча