Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани колдонуп жүргөн пейджери жарылганда көзү жабыркады

Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани колдонуп жүргөн пейджери жарылганда бир көзүнөн айрылып, экинчисин да жабыркатып алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Элчилик шейшембиде Амани колдонуп жүргөн анча олуттуу эмес жаракат алды, абалы туруктуу деп билдирген.

«Зымсыз түзүмдөр боюнча бир учурда келген толкундардан улам Аманинин көтөрүп жүргөн пейджери жарылганда бир көзүнөн айрылып, экинчиси да жабыркаган», — деп айтылган маалыматта.

Бул боюнча айтып берген киши Аманинин абалы адеп берилген маалыматтарга караганда азыр алда канча олуттуу болуп, дарылатуу үчүн Тегеранга жөнөтүлүп жатканын айткан.

Кечээ, 17-сентябрда, Ливандын райондорунда мурда кездешпегендей окуя болуп, кишилер колдонуп жүргөн пейджерлер жарылган. Аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирас Абъяд 11 киши көз жуумп, төрт миңге чукул адам жаракат алганын билдирди.

Учурда жабыр тарткан тарап бул иш Израилдин колунан келгенин айтууда. Андан сырткары, Axios басылмасы пейджер операциясын Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху жана министрлер кабинети Коопсуздук кызматынын жетекчилери менен макулдашкан деген маалымат таратты.

18 Сентябрь 2024 жыл 14:51

Тема боюнча