Ирандын президенти Эбрахим Раиси тик учакта бара жатып, кырсыктан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
ЖМКлар жекшембиде Раиси менен Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахианды ташыган тик учак өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган чөлкөмүнө кырсыкка учураганын жазып чыгышкан. Жерине куткаруу топтору барып, издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Маалыматтарда бортто өлкө башчыдан сырткары эки аткаминер, имам жана экипаждын мүчөлөрү болгону айтылууда.