Үйдө өткөн тойдогу тамак-аштан ууланган 23 адам дарыгерге кайрылды

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында үйдө өткөрүлгөн тойдогу тамак-аштан ууланганын айткан 23 адам ооруканага кайрылды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Алина Токтоназарова билдиргенин жазды.

Маалыматка ылайык, 5-6-октябрда 23 адам ооруканага кайрылып, алардын бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Алардын ичинен бир адам Балыкчы шаарындагы ооруканага, дагы бирөө Тоң районунун ооруканасына барганы белгилүү болду.

«Бүгүн, 7-октябрь, саат 12:00ге карата ооруканада беш адам дарыланууда, жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтап палатага которулду. Баарынын абалы туруктуу. Калгандары абалы канааттандырарлык деген негиз менен үй көзөмөлүнө чыгарылды», — деди Токтоназарова.

Анын айтымында, тойдогу тамак-ашты Бишкек шаарынан чакырылган үч ашпозчу даярдаган, текшерүү учурунда алар медициналык кароодон өтпөгөнү маалым болгон.

Той 5-октябрда саат түшкү 12де башталып, саат 17 чамасында бүткөн. Алгач эки адам уулануу белгиси менен Чок-Талдагы ФАПка кайрылган. Ууланууга кайсы азык себепкер болгону иликтенүүдө.

Тойго баш-аягы 45 адам катышкан.



7 Октябрь 2023 жыл 17:31

Тема боюнча