Көк бөрү боюнча улакчы башынан катуу жаракат алып комага түшүп калды

Бүгүн, 5-февралда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук турнирде 24 жаштагы улакчы башынан катуу жаракат алып комага түшүп калды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору Чыңгыз Урманбетов билдирген. Бейтап ооруканага “Тез жардам” менен алынып келген.

“2000-жылы туулган улакчы башынан катуу жаракат алыптыр. Азыр абалы оор. Ага тезинен операция жасалышы керек. Башына кан уюп калган”, — деди дарыгер.

Каракол шаарындагы ат майданында көк бөрү боюнча облустук тандоо мелдеши өтүп жатат. Ага облустагы райондордон келген алты команда катышууда. Аны уткан команда 19-20-февралда Бишкекте өтө турган республикалык турнирге катышат.

Кыргызстанда буга чейин да улакчылар көк бөрү оюнунда катуу жаракат алып ооруканага түшкөн учурлар болгон.

5 Февраль 2024 жыл 14:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча