Көк чөпкө таштанды ыргыткан «Алай» чайканасына карата чара көрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Алтымышев көчөсүндө жайгашкан «Алай» чайканасына карата чара көрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Инспекторлор кафенин администрациясына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол жазып беришти. Айып пул 17 миң сомду түздү.

«Алай» чайканасынын кызматкери Левоневский жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун четине, көк майсанга таштанды ыргыткан. Администрация көрктөндүрүү эрежелерин бузганын мойнуна алды. Протокол түзүлгөндөн кийин таштандылар тазаланды.

18 Апрель 2024 жыл 10:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча