Кадыр түн качан болору айтылды

Муфтият быйыл Кадыр түн 27-мартка караган түнү боло турганын билдирди.

Бул түндө мусулмандар ушактан оолак болуп, таң аткыча уктабайт. Эркектер мечитте, аялдар үйдө өткөргөнү жакшы экенин диний адисттер айтып келет. Ошол учурда жалгыз деле тоссо эч нерсе болбойт.

Быйыл Орозо айы 1-мартта башталып, 29 күнгө созулат. Ооз ача турган жана ооз беките турган убак ар аймакта ар башка. Анын баарын Sputnik даярдаган календардан көрсөңүз болот.

5 Март 2025 жыл 11:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча