
Кыргызстандын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев СДПК партиясынын эки мүчөсүнүн кармалганы тууралуу билдирүү жасады.
Анын айтымында, 13-январда жергиликтүү кенешке талапкер болгон Анарбек Катаганов кармалган.
Маалыматка ылайык, аны Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармап кетишкен.
Атамбаевдин маалыматына караганда, Анарбек Катаганов жакында эле СДПКга кошулуп, Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодо талапкерлердин тизмесинде 41-орунду элеген.
Анарбек Катаганов Темирлан Султанбековду коргоп, коомчулукка анын абалы тууралуу маалымат берип, пресс конференцияны уюштурган.
Эскерте кетсек, бир күн мурун СДПКнын мүчөсү Жанна Самышева да камакка алынган. Эмне себептен кармалганы тууралуу маалымат бериле элек.