Кадырбеков кумарканаларды кайра жабууну сунуштады

Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Кыргызстанда кумарканалардын иштөөсүнө кайра тыюу салууну сунуштады.

Парламенттин жыйынында Кадырбеков 2022-жылы кумарканаларды ачууга уруксат берүү тууралуу мыйзам кабыл алынып жатканда, жылына бюджетке 3 млрд сомдон киреше түшүп турары айтылганын, бирок иш жүзүндө андай болбогонун айтты.

Мындан сырткары экономика министри Данияр Амангелдиевге кайрылып, Кыргызстандагы кумарканаларды жабуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп келүүнү сунуштады.

«Айрым депутаттар «жылына 3 млрд сом киреше түшөт» деген сөзүңүздөргө ишенип, мыйзамды колдоп берген болушу мүмкүн. Кумарканадан анча киреше түшкөн жок. Жигиттер арасында «сөзүңө жооп» дейбиз. Сөзгө жооп бере албай калдык», — деди ал.

Кадырбеков кумарканалардан бджетке 100 млн сом да түшпөгөнүн белгиледи.

20 Июнь 2024 жыл 15:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча