Казакстандын эстрада ырчысы Кайрат Нуртас жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Окуя ушул жылдын 25-августунда болгон. Социалдык тармактарда Кордай районунда ырчынын жол эрежесин бузган видеосу тараган. Анда ырчы жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткени айтылган. Мыйзам боюнча бул үчүн айдоочу айдоочулук күбөлүктөн ажыратылышы керек.
Интернет колдонуучулары ырчынын жоругу тууралуу ар кандай пикирлерди жазышууда. Айрымдары колдосо кээ бирлери одоно сындаган билдирүүлөрдү калтырууда.
Ал эми Жамбыл облустук полициясы тарабынан, Mercedes-Benz W222 унаасынын 37 жаштагы айдоочусуна жол кыймылынын эрежелерин эске албагандыгы үчүн административдик протокол түзүлгөнүн билдирген.
Мындан сырткары видеодо көрсөтүлгөн унааны Кайрат Нуртас башкарган эмес. Унааны анын айдоочусу айдап бара жаткан. Айдоочу Кайрат Нуртаска шашып бара жаткан», — деп кошумчалайт.