Кечээ, 6-февралда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбековду 2 айга камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасап, укуктары тебеленип жатканын айтты.
«Учурдан пайдаланып парламенттеги кайдыгер эмес эл өкүлдөрүнө кайрылып кетким келет. Биздин иш боюнча депутаттык комиссия түзүп, өздөрү көз салып койсо жакшы болмок. Анткени бул иште күнөөсү жок адамдардын укуктары тебеленип жатат»,-деди Асыпбеков.
Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.
ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.