Канат Канболотов Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтун жетекчиси болду

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна Канат Канболотов жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге 14-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, агенттиктин директору Нурдан Орунтаев орун басары Талант Иманакун уулу менен биргеликте жаңы жетекчини институттун кызматкерлерине тааныштырды.

19 Март 2024 жыл 8:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча