«Кара-Кече» мамлекеттик ишканасынын алдына 950 миң тонна көмүр казуу тапшырмасы коюлган

Быйыл күз-кыш мезгилдерине карата «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасынын алдына 950 миң тонна көмүр казуу тапшырмасы коюлган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Билдирмеге ылайык, өткөн жылдагы кышкы жылытуу мезгилинде 1 миллион 299 миң тонна көмүр казылган.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов Кара-Кечеге барып күз-кыш мезгилине даярдык иштери тууралуу маалымат алган.

«Көмүр кендеги Борбордук, Чыгыш жана Батыш участкаларында быйыл көмүр жетиштүү ачылган», – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалында Шахтёрлордун кесиптик мааракеси белгиленген. Иш-чарага энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов жана «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов катышкан. Салтанаттын жүрүшүндө мыкты делген адистерге сыйлыктар тапшырылган.

4 Сентябрь 2024 жыл 10:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча