Кара-Суу районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча түзүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ал Дүйнөлүк банктын каржылоосундагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында ишке ашты.

Бакчалар райондун Жоош, Савай, Ала-Тоо, Манас, Ынтымак, Датка айыл аймактарында жайгашып, жалпы 42 тайпа ачылды. Мында эми 3-5 жаштагы 1600гө жакын бала билим ала алат.

Долбоордун алкагында Кара-Суу району боюнча жалпы кыска мөөнөттүү 37 бала бакча түзүлөт. 30-майда дагы 11 бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Калган объекттер жыл аягына чейин бүткөрүлмөкчү.

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

21 Май 2024 жыл 11:46

Тема боюнча