
Кара-Суу шаарында адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
2-март күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын 1983-жылы туулган тургуну денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканада каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.