Кара-Сууда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болду

Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 12-февралда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы орто мектептин имаратынын алдында 9-класстын окуучусу жыгылып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

«Окуя боюнча териштирүү учурунда, күбөлөрдүн маалыматына ылайык, № 39 орто мектебинин окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада жогоруда белгилеген 9-класстын окуучусу ур-токмоко кабылып, эсин жоготуп кулап калгандыгы маалым болгон.

Аталган факты боюнча Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 130-берене (ден-соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда 2007-жылы туулган ошол мектептин окуучусу тарабынан ур-токмокко алынгандыгы аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган Р.Н.аттуу жаш өспүрүм шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө кызматы тарабынан окуянын чоо-жайын тактоо, ар тараптуу терең иликтөө боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.

13 Февраль 2025 жыл 11:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча