Быйыл Катардан Кыргызстанга каттамдар ачылат.
Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалыматына караганда, Дохадан Бишкекке учактар июнь айынан тарта каттай башташы мүмкүн.
Ошондой эле Люксембург, Венгрия, Латвия жана Кипр менен да жаңы каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.