Актауда мурдагы ММА мушкери Вусал Жафаровдун сөөгү табылгандан кийин Мангистау облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы иштин айрым чоо-жайын ачыктады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка караганда, жансыз дене 20-сентябрда 22:30 чамасында табылган.
«Окуя болгон жерди текшерүү учурунда маркумдун жанынан шприц, байпагынан баштыктагы зат табылган. Маркумдун мурда да каракчылык фактысы боюнча соттолгондугу аныкталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Жафаровдун жансыз денеси Актау шаарындагы 3-кичи райондо таштанды контейнерлеринин жанынан табылганы мурда кабарланган. Айрым колдонуучулар аны сабап кетишкенин, денеси бир нече күн көчөдө жатканын айтышкан.