Казакстандын президенти өкмөтүн отставкага кетирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өкмөтүн отставкага кетиргенин Акорда сайты билдирди.

«Казакстан Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык, өкмөттүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө токтом кабыл алам», — деп айтылат мамлекет башчынын жарлыгында.

Казакстандын премьер-министринин милдеттери убактылуу Роман Склярга жүктөлдү. «Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн мүчөлөрү жаңы курам бекитилмейинче өз милдеттерин аткарууну улантышат», — деп чечти президент. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

5 Февраль 2024 жыл 16:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча