«Кемпир-Абадчылар» Ташиев менен жолукту

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчылар, активисттер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган иш боюнча фигуранттардын бири Илгиз Шаменов билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда Ташиев Кемпир-Абад боюнча Өзбекстан менен жетишилген келишим тууралуу маалымат берип, талкуу болгон.

Эскерте кетсек, 2022-жылы октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын коңшу мамлекетке берилишине каршы чыккан 30га жакын укук коргоочу, активист жана саясатчылар кармалган. Аларга милиция «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып таккан.

Аталган иш эл арасында «Кемпир-Абад иши», кармалгандар «кемпир-абадчылар» деп айтылып келет.

Быйыл 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту айыпталуучулардын ичинен 22 кишини актоо чечимин чыгарган, дагы бешөөнүн иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Прокуратура биринчи инстанциянын өкүмү боюнса шаардык сотко апелляция менен кайрылган. Учурда бул иш Бишкек шаардык сотунда каралууда.

29 Ноябрь 2024 жыл 17:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча