Кийинки жылы борбордо төрт көпүрө курулат

2024-жылы Бишкекте төрт көпүрөнүн курулушу башталат. Бул тууралуу мэриянын транспорт департаментинин директору Улан Уезбаев АКИpress сайтына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоор даярдалып бүтүп, экспертиза жүргүзүү иштери гана калган.

Төмөнкү көпүрөлөр салына баштайт:

  1. Жибек Жолу проспектисиндеги (Чыгыш автобекети тараптагысы) 12 метр жазылыктагы көпүрө 30 метрге кеңейет;
  2. Аузов көчөсү менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги 10 метр жазылыктагы көпүрө 21 метрге кеңейет;
  3. Шүкүров көчөсүнүн Медеров көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 15 метр жазылыктагы жаңы көпүрө түшөт, мындагы максат 7-апрель жана Юнусалиев көчөлөрүндөгү унаа тыгынын азайтуу болмокчу;
  4. Махатма Ганди проспектиндеги Чоң Чүй каналына салынган көпүрө жаңыланып, 28 метрге кеңейет.

Аны менен катар Кара-Дарыя көчөсүнүн Лев Тольстой көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки аралыгын кошумча жол катары кайрадан куруп чыгуу каралып жатканы маалым болду.

24 Декабрь 2023 жыл 17:12

Тема боюнча