Жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдыгын баалоо бул жолу 29-майда “Альянс алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунда өттү. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган алтын ишканасы Талас облусундагы «Жер-Үй» кенин казууда.
ӨКМдин борбордук аппаратынын жана Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери ишканада Жарандык коргонуу тутумуна киргизилген бардык тармагын текшерип, абалына баалоо иштерин жүргүзүшөт.

Алсак документтик кагаз иштерин жүгүртүү, ыкчам чара көрүү, өрт кырсыктарын болтурбоо, авариялык куткаруу, радиациялык абалы, медицинасы жана башка тутумдары бааланып, жыйынтыгы чыгарылат.
