ӨКМ: тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-18-майда күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

17 Май 2024 жыл 10:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча