Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча кезектеги жыйын болду

2024-жылдын 22-июлунан 27-июлуна чейин Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жыйын болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелерин карашты.

Кеңешменин алкагында Кыргызстандын Жалал-Абад жана Баткен облустарынын чегинде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда, ошондой эле Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарынын чектеш тилкелеринде талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү..

Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кезектеги отуруму Кыргызстандын аймагында өтөт.

28 Июль 2024 жыл 23:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча