Кыргызгидромет 13-15-октябрда күн сууктай турганын кабарлады

13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында күн сууйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Таластын тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

13-15-октябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0…-2, күндүз 5…10 градус болот.

Таласта түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3, күндүз 4…9 градус суук болушу ыктымал. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3 градуска чейин жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0…-2, күндүз 5…10 градус болот.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2, күндүз 4…9, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6га чейин барат.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Үшүктүн жүрүшү мөмө жана жашылча-жемиштерге, казып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы жана жүгөрү үчүн коркунучтуу.

10 Октябрь 2023 жыл 13:36

Тема боюнча