Кыргызстанда ченемден ашык тамактанышат

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын аймактарындагы тамактануу боюнча быйылкы жылдын биринчи чейрегинин маалыматын жарыялап, 2023-жылдын ушул мезгили менен салыштырды.

Маалыматта, кыргызстандыктар күнүнө орто эсеп менен 2529 килокалорий керектешет. Ал эми нормада болсо, 2101 килокалорий керектөө керек.

Ош шаары — 3361 килокалорий;

Жалал-Абад облусу — 2867;

Талас облусу — 2815;

Ош облусу — 2640;

Чүй облусу — 2329;

Баткен облусу — 2323;

Бишкек — 2219;

Нарын облусу — 2198;

Ысык-Көл облусу — 2158.

Дээрлик бардык аймактарда орточо керектөө нормадан жогору экени аныкталган.

30 Сентябрь 2024 жыл 9:21

Тема боюнча