Кыргызстанда иштеген маркетплейстерди каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү сунушталды

Депутат Жумабек Салымбеков Кыргызстанда иштеген маркетплейстерди каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштады.

Эл өкүлү электрондук соода тармагындагы мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштап, бул сапатсыз товарлар үчүн жоопкерчиликти күчөтөрүн белгилеген.

«Wildberries жана Ozon каттоодон өтүп, бул жакта өз филиалдарын ачышты. Кыргызстанда иштегиси келген башка эл аралык маркетплейстер да катталууга тийиш. Сапатсыз товар алгандар кимге кайрыларын билбей калышат», — деди депутат.

Ошондой эле ал электрондук товар сатып алгандарга керектөөчүлөрдүн укугун коргогон органдар да жардам бере албай жатканын кошумчалаган.

4 Февраль 2025 жыл 9:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча