Кыргызстанда министрликтердин саны өтө көп

Кыргызстанда министрликтердин саны өтө көп. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында минкабтын башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал Кыргызстандан чоң өлкөлөрда өкмөттүн түзүмү чакан болуп, аткаминерлердин азырак экенин мойнуна алды.

«Менин жеке оюмда министрлердин саны көп. Бирок Садыр Нуркожоевичтин дагы, менин дагы өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү оюбуз жок. Ушул курам менен профицитке жетти, мындан ары дагы астыга жыла беребиз», — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаровдо 4 орун басары, 16 министри, 5 агенттик жана фонд жетекчиси бар.

14 Декабрь 2023 жыл 11:31

Тема боюнча